Эми айып пулдарды "Төлөм" маалымат системасынан билип алууга болот

Кыргызстандыктар айыппулдарын "Төлөм" бирдиктүү автоматташтырылган маалымат системасынан билип алышса болот. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, башкы прокуратуранын координациясы менен ИИМ ЖКККББ менен биргеликте УББР маалымат системасынын www.tolom.kg ("Төлөм") мобилдик тиркемесин пилоттук долбоору ишке ашырылууда.

Укук бузуулардын бирдиктуу реестри - бул баардык аппараттык комплекстердин жардамы менен коопсуз шаар компонентин ишке ашыруунун алкагында катталган укук бузуулар, укук бузуучулар жана ошондой эле аларга карата көргөн алымдар, кошумча укуктук кесепеттер жонундо маалыматтарды жыйноо, иштетуу, жана сактоого арналган автоматташтырылган маалымат система.

Инспекторлор жолдо туруп каттоо кызматынын автотранспорт каражаттарынын базаларына жана башка маалымат базаларга туташтырылган электрондук планшеттер аркылуу иш алып барышат. Бул планшеттер ИИМ ЖКККББ кызматкерлерине, укук бузуучулардын документтерин онлайн режиминде текшерууго алып, укук бузуу жонундо ишти электрондук форматта жургузуу мумкунчулугун берип, ал процессти тездетет.

Ыйгаруу укуктуу адам УБРР маалымат системасынын www.tolom.kg ("Төлөм") мобилдик тиркемесине укук бузуучунун персоналдык номерин, же автотранспорт каражатынын мамлекеттик номерин киргизгенде, дароо ал каражаттын кожоюна мурда катталган укук бузуу жонундо маалымат чыгат.

Ошондой эле система электрондук протокол түзүп, ыйгарылган төлөм коду аркылуу тиркемеден айыпты ошол жерден төлөп коюу мумкунчулугун берет. Ал учурда айып төлөө милдетмелери токтоосуз алып салынат.

Ыктыярдуу тартипте толонбогон айып сот органдарына жөнөтүлөт да, анын натыйжасында сот аткаруу кызматкерлери:

- кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрдү камакка алууга укугу бар;

- банктык эсептерди камакка алууга укугу бар;

- республика аймагынан чыгууга, документтерди кайрадан алууга чектөө коет.

Ошону менен бирге, жарандардын ынгайлуулугу үчүн жакынкы учурда www.tolom.kg ("Төлөм") укуктук порталы ачык маалыматтар менен колдонууга берилет. Ал жерде жарандарга каралган айыптар жана мамлекеттик органдар көрүлгөн чаралар жөнүндө маалымат ала алышат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД