Бирдиктүү салык декларациясынын жаңы формалары бекитилди

КР министрлер кабинетинин токтому менен Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган, же ээлеген жеке жактын бирдиктүү салык декларациясынын формасы (FORM STI-155), аны толтуруу жана берүү тартиби бекитилди.

Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, ошондой эле кирешелердин, чыгымдардын, мүлктөрдүн жана милдеттенмелердин классификатору, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кирешелери, чыгымдары жана мүлкү жөнүндө жыйынды маалыматтардын параметрлери, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын салык декларациясында көрсөтүлгөн маалыматтарды иликтөө тартиби жана талдоо жүргүзүүнүн негиздери жөнүндө жобо, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар жөнүндө маалымат берүү тартиби бекитилди.

Мындан тышкары, Мамлекеттик салык кызматы бирдиктүү салык декларациясынын жаңы формаларын, аларды толтуруу жана берүү тартибин бекитти.

Анын ичинде:

– Ишкердик иш жүргүзбөгөн жеке жактын бирдиктүү салык декларациясынын формасы (FORM STI-100), аны толтуруу жана берүү тартиби;

– Уюмдун бирдиктүү салык декларациясынын формасы (FORM STI-101), аны толтуруу жана берүү тартиби;

– Ишкердик иш жүргүзгөн жеке жактын бирдиктүү салык декларациясынын формасы (FORM STI-102), аны толтуруу жана берүү тартиби;

– Социалдык жана/же мүлктүк эсептен чыгарууларды берүү жөнүндө арыздын формасы (DOC STI-191).

Ошентип, 2023-жылы жогоруда аталган салык төлөөчүлөрдүн категориялары 2022-жылдын салык мезгили үчүн жаңы бекитилген формаларда салык декларациясын толтуруп, тапшырышат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД