ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлери Бишкек шаарынын аймагындагы коомдук тартипти камсыздашууда.
ИИМдин Атайын багыттагы полкунун басма сөз кызматынан билдиришкендей, Ички иштер министрлигинин 2022-жылдын 13-декабрындагы тескемесинин талаптарын аткаруу максатында, ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлери Бишкек шаарынын аймагындагы коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо чараларын көрүүдө.
Учурда ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлери күнү-түнү коомдук коопсуздукту камсыздашып, күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө.