Лейлекте кыргыз-тажик милиционерлери уурдалган малдарды ээлерине тапшырышты

Лейлекте Кыргызстан менен Тажикстандын милиция кызматкерлери уурдалган малдарды ээлерине тапшырышты. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Арка айылы менен чектешкен Худжант-Канибадам автоунаа жүрүүчү жолдо Лейлек РИИБдин начальниги милициянын подполковниги Б.Кундузов жана Тажикстан Республикасынын Гафуров РИИБдин начальниги милициянын полковниги И.Вализода менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдүн негизинде чек ара аймактарынан уурдалып кеткен малдар кайтарылды.

Эки өлкөнүн милиция кызматкерлери жолугушууда эки элдин ортосундагы ар кандай пикир келишпестиктерди жана улуттар аралык чыр-чатактарды алдын алуу боюнча иштерди жүргүзүшүп, чек ара тилкелеринде жашаган тургундарга пиротехникалык каражаттарды колдонууга тыюу салынганын эскертип, коомдук коопсуздукту көзөмөлдөөнү колго алышты.

Мурда уурдалып кеткен 3 уй, 3 музоону кыргыз тарап өткөрүп алып, ал эми тажик тараптын 6 баш бодо малын өткөрүп берди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД