Кыргызстандагы түзөтүү мекемелеринин 2022-жылдын мыктысы аныкталды

2022-жылы Кыргызстандагы түзөтүү мекемелеринин кайсынысы мыкты деп табылды? Бул суроого Жазаларды аткаруу кызматынын басма сөз кызматынан жооп беришти.

ЖАКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, Чүй районунун Новопокровка айылындагы №3 мекемеси башка атаандаштарынын ичинен ардактуу 1-орунду ээлеп, КР Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын көчмө вымпелине жана Ардак грамотасына ээ болду.

Бул салмактуу номинацияга көптөгөн талапкерлердин арасынан тандоо жүргүзүлдү жана татыктуу талапкерлер көп болгон.

Жыйынтыгында мекеменин жетекчиси М.Д .Мамбетовго жыл жыйынтыгында эмгектеги эң мыкты көрсөткүчү үчүн мөөнөтүнөн мурда ички кызматтын полковниги деген наам ыйгарылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД