Кадамжайда "Көчө" аталыштагы рейд учурунда бир мас айдоочу кармалды

Кадамжайда "Көчө" аталышындагы иш-чаранын жүрүшүндө бир мас айдоочу кармалды.

Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Кадамжай РИИБдин милиция кызматкерлери Жаңы жыл майрамынын алдында коопсуздукту сактоо максатында "Көчө" аталышындагы иш-чаранын негизинде кечки рейд уюштурулду.

Кадамжай район аймагынан түнкү рейд учурунда бир түн ичинде 150дөн ашуун автоунаа токтотулуп, жол эрежесин сактоо боюнча айдоочуларга эскертүү, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде 25 айдоочуга протокол толтурулуп, айып пулдар салынды. Ал эми бир айдоочу мас абалында кармалып, унаасы айып төлөөчү жайга токтотулду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД