ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын атайын адистештирилген ротасы сутка ичинде ичинде 15 мас айдоочуну кармады. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 27-28-декабрь күндөрү КР ИИМдин ЖКККББнын атайын адистештирилген ротасы "За рулем", "Бахус" аталышында рейддик иш-чараларын өткөрүп, одоно 21 жол эрежелерин бузуу фактыларын аныкташты.
Алардын ичинен:
-Унаа каражаттарын мас абалында башкаруу 15 факты;
-Тийешелүү докумменттери жок унаа башкаруу 3 факты;
-Терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу 2 факты;
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн, 17 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына жеткирилген.
Ошондой эле ЖКККББнын кызматкерлерине баш ийбегендиги үчүн бир айдоочу жакынкы милиция бөлумүнө жеткирилген.
Мындай рейддик иш-чарлар 2023-жылдын 8-январына чейин уланат.