Күн электр станциясын куруу боюнча кыргыз-казак биргелешкен ишканасы түзүлдү. Бул туурасында "Улуттук энергохолдинг" ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, "TazaEnergy" ("Улуттук энергохолдингдин" туунду компаниясы) менен Казакстандын "TGS-Energy Ltd." инвестициялык компаниясынын ортосунда "Күн Булагы" биргелешкен ишканасын түзүү боюнча уставдык документтерге кол коюлду.
Күн электр станциясын куруу үчүн Ысык-Көл облусунан 80 гектар жер тилкеси бөлүнгөн.
Кубаттуулугу 50 МВт болгон күн станциясын курууга 35 миллион доллар сарпталып, долбоордун биринчи этабын 2023-жылдын декабрь айында бүтүрүү пландаштырылган.
Иштөө мөөнөтү 25 жылдан ашык болот.
Күн станциясы ишке кирсе жылына электр тармагын кеминде 90 миллион кВт/саат энергия менен камсыздайт.