Баткен шаарында мектеп окуучуларына жаңы жылдык иш-чараларга карата түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Баткен шаарындагы мектеп окуучуларына балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери менен милициянын участкалык уполномоченныйлары зордук-зомбулуктун алдын алуу, укук бузууларга жол бербөө жана жаңы жылдык кечелерде пиротехникалык каражаттарды колдонбоо үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
Ошондой эле соода сатык жайлар көзөмөлдөнүп, сатуучуларга пиротехникалык каражаттарды сатпоону эскертти.