Чүйдө милиция жаңы жылга карата бир катар иш-чараларды өткөрдү

Чүйдө милиция кызматкерлери жаңы жылга карата бир катар иш-чараларды өткөрүштү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Чүй районунда жаңы жылды тосууда коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт. Ушуга утурлай, Чүй РИИБдин өздүк курамынын даярдыгын текшерүү максатында саптык кароо болуп өттү. Саптык кароо Чүй районунун мамлекеттик администрациясынын имаратынын алдында уюштурулуп, ага кошумча Чүй районунун акимиатынын кызматкерлери, 10 айыл өкмөтүнүн, өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн, аскердик коммиссариятынын, райондук оорукананын, жол эксплуатациялоо ишканасынын кызматкерлери катышты.

Ошондой эле, атайын техникалар тартылды. Чүй РИИБдин начальниги Талантбек Мурадилов баяндама менен Чүй районунун акими Жыргал Шакиевди тосуп алды. Саптык кароодо милиция кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын так сактоону жана алдыда боло турган жаңы жылдык майрамда өз милдеттерин так аткарып, жарандардын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыз кылуулары тапшырылды. Андан соң саптык кароого тизилген кызматкерлердин даярдыгы текшерилип, кызмат өтөөгө жөнөтүлдү.

Андан сырткары, ушул эле күнү жаңы жылга карата милиция кызматкерлери кайрымдуулук иш-чарасын өткөрүүнү туура көрүшкөн. Чүй РИИБдин начальниги Талантбек Мурадилов менен анын орун басары Асылбек Назаралиев өздүк курам менен биргеликте Жетим балдар жана ата-энелеринин кɵзɵмɵлү жок калган балдар үчүн Чүй жатак-мектебине барышып, ал жакта тарбияланып жаткан балдарга жаңы жылдык маанай тартуулашты. Балдарды жаңы жылы менен куттукташып, аларга келечектери кең жана ден-соолуктары бекем болушун каалашты. Ал эми, Чүй жатак-мектебине тарбиялоочулардын суранычы менен ашканага керектүү болгон буюмдарды тапшырышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД