Салык кызматы лотереянын башкы байгелери тууралуу маалымат берди

30-декабрда Салык кызматынын "Чек талап кылып, байге утуп ал!" кызыктыруучу лотереясынын 3-утушу өтөт. Башкы байге борбордогу турак жай комплекстеринин биринде жайгашкан жаңы бир бөлмөлүү батир болот.

Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, жеңүүчүлөрдү аныктоонун алдында Салык кызматы башкы байге тууралуу маалымат берет.

Бир бөлмөлүү батир Бишкек шаарынын түштүк-чыгыш бөлүгүндө, Куттубаев жана Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги SFB курулуш компаниясынын New City турак жай комплексинде жайгашкан.

Курулуш компаниясынын маалыматы боюнча, турак жай комплекси заманбап чет элдик технологияларды колдонуу менен курулган, ошондой эле үйгө жылытуучу автономдуу нур системасы орнотулган.

Эскерте кетсек, 30-декабрда батирден тышкары эки электромобиль (Neta V, Honda MNV), 12 даана iPhone 13, 11 Samsung смартфону, ошондой эле 26 даана ар кандай тиричилик техникасы ойнотулат.

30-декабрда саат 15:00дө УТРК жана Ала-Тоо24 телеканалдарынан, ошондой эле Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларынан үчүнчү турдун түз эфирин көрүңүздөр.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД