Түзөтүү мекемесинде жогорку деңгээлдеги көп тармактуу оорукана ачылды

№19 түзөтүү мекемесинде өмүр бою эркинен ажыратылгандар үчүн жаңы имарат, ал эми №31 атайын мекемеде эл аралык деңгээлдеги көп тармактуу оорукана ачылды. Бул тууралуу Мамлекеттик Жаза аткаруу кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматы тарабынан бир эле учурда эки чоң долбоор ийгиликтүү ишке ашырылды.

Алгач №19 - түзөтүү мекемесинде (Чүй облусу, Сокулук району) өмүр бою эркинен ажыратылгандар кармала турган атайын комплекстин заманбап режимдеги имараты пайдаланууга берилди. Бул Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин талаптарына ылайык аталган категориядагы адамдарды кармоону, ошондой эле аларды талаптагыдай коргоону жана изоляциялоону, аларга дайыма көзөмөл жүргүзүүнү, соттолгондордун жана мекеменин кызматкерлеринин жеке коопсуздугун камсыз кылат.

Мекеме заманбап курулуш нормаларына жана талаптарына ылайык, ошондой эле соттолгондорду түзөтүү жана аларды социалдаштыруу, ошондой эле рецидивдин алдын алуу үчүн зарыл болгон шарттарды эске алуу менен курулган.

Ошондой эле, Жаза аткаруу тутумунун кызматкерлерин социалдык жактан коргоо боюнча иштерди улантуунун алкагында аталган атайын мекеменин кызматкерлери үчүн 12 үй-бүлөгө эсептелген 6 кызматтык үй курулган.

Долбоордун жалпы баасы 373 миллион сомду түздү.

ЖАКнын Кайтаруу жана көзөтүү департаментине эки атайын унаанын ачкычы ошол жерде салтанатту тапшырылды.

Андан соң Аламүдүн районунун Молдовановка айылындагы №31 - медициналык түзөтүү мекемесинде 265 орундуу көп тармактуу оорукананын ачылыш аземи болуп өттү.

Бул жерде соттолгондор оорунун бардык түрлөрүнөн дарылана алышат, алар үчүн оорукана Евразиянын эң элиталык клиникалары чындап көз арта турган заманбап жабдуулар жана инвентарлар менен жабдылган, ошондой эле квалификациялуу медициналык кызматкерлер эмгектенишет.

"Кыргызстандын пенитенциардык тутуму үчүн уникалдуу болгон оорукананын дарыгерлерине эң татаал милдеттерди чечүүгө жана профилактикага, диагностикага жана дарылоого жаңы ыкмаларды киргизүүгө жана жалпысынан атайын контингенттин ден соолугун чыңдоого мүмкүндүк берет", - деди. ЖАКнын төрагасы, и/к генерал-майору Аскат Эгембердиев.

Бул объектке республикалык бюджеттен 340 миллион сом бөлүнгөн.

Жаңы объектилердин ачылыш аземине ардагерлер ЖАКнын жетекчилигинен тышкары, КР Президентинин Аппаратынын Кырдаал борборунун директору Адилет Жанузаков, КР Юстиция министринин орун басары Зарылбек уулу Алмазбек, Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчиси Бакыт Рысбеков, өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү, эл аралык өнөктөштөр жана башка коноктор болушту.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД