Айып пул төлөбөй качып жүргөн УКТ мүчөсү кармалды

Соттун чечимине баш ийбеген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын түштүк региону боюнча уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери издөөгө алынган Араван районунун жашоочусун кармашты.

Кармалган жаран 1997-жылы туулган М.У., ал мурда бир нече жолу соттолгон жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

Буга чейин ал ок атуучу куралды мыйзамсыз сактоого айыпталып кармалган. Соттун токтомуна ылайык, жаран М.У. карата 210 миң сом айып пул салынган. Ушул күнгө чейин М.У. айып пулду төлөбөгөндүгүнө байланыштуу, сот бөгөт чарасын 3 жылга эркинен ажыратуу чечимин кабыл алган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД