
Жогорку Кеңештин фракция жетекчилери бүгүн, 29-декабрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугушат. Бул тууралуу парламенттин жыйынында төрага Нурланбек Шакиев билдирди.
Төрага фракция жана депутаттык топтордун лидерлерин саат 13:00дө анын иш бөлмөсүнө келүүсүн өтүндү.
Шакиев белгилегендей, Акылбек Жапапров Министрлер кабинетинин мүчөлөрү менен бүгүн депутаттардын суроолоруна жооп берет.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин 7-чакырылышында "Ата-Журт Кыргызстан", "Ынтымак", "Ишеним", "Бүтүн Кыргызстан", "Альянс", "Ыйман Нуру" фракциялары жана "Элдик" жана "Мекенчил" депутаттык топтору бар.