Эртең "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын үчүнчү утушу болот

Эртең, 30-декабрда Мамлекеттик салык кызматы "Чек талап кылып, байге утуп ал!" кызыктыруучу лотереясынын үчүнчү утушун өткөрөт.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, утуш УТРК жана "Ала-Тоо 24" телеканалдарында жана Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларында түз эфирде өтөт. Саат 15:00дө башталат.

Бүгүнкү күндө лотереяга 176 миңден ашуун адам жалпы суммасы 19 млрд сомго 18,7 млн лотереялык ID-билеттер менен катышууда.

Үчүнчү турда бизнес-өнөктөштөрдүн колдоосу менен Бишкектен 1 бөлмөлүү батир, 2 электромобиль, 12 iPhone 13, 11 Samsung смартфону жана 26 даана ар кандай тиричилик техникалары ойнотулат.

Лотереянын расмий сайты: lottery.salyk.kg


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД