Кызыл-Кыянын тургунунун үйүнө кирип, аны эч себепсиз сабаган жаран кармалды

Кызыл-Кыя шаарында бейбаштык кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кызыл-Кыя шаарынын 19 жаштагы А.у.У аттуу тургуну 2022-жылдын 21-декабрь күнү түнкү саат 02.30дар чамасында уктап жаткан үйүнө Караван айылынын 26 жаштагы И.У.аттуу тургуну белгисиз себептер менен бастырып кирип, себеби жок уруп, денесине жараат келтиргени боюнча милицияга арыз менен кайрылган.

Бул арыз Кызыл-Кыя ШИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 280-беренесинин (Бейбаштык) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Кызыл-Кыя ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иштери жүрүп, 28-декабрь күнү уюшкан кылмыштуу топтун 26 жаштагы И.У. аттуу тургуну Кызыл-Кыя шаарынан аныкталып кармалган.

Азыркы күндө кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД