
Мурда соттолгон жаран бирөөнүн унаасын айдап качууга шектелүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кызыл-Кыя шаарынын 26 жаштагы К.Ж. аттуу тургуну 2022-жылдын 27-декабрь күнү болжол менен саат 23.00дөр чамасында Кызыл-Кыя шаарындагы кафенин жанында өзүнүн Volkswagen Polo үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз жарандар токтотуп, белгисиз тарапка айдап кетип калгандыгын билдирип арыз менен кайрылган.
Бул арыз Кызыл-Кыя ШИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 211-беренеси (Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Кызыл-Кыя ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иштери жүрүп, 28-декабрь күнү Кадамжай районунун мурда бир нече жолу соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү 29 жаштагы Ш.у З. аттуу тургуну Ош шаарынан аныкталып кармалган.
Азыркы күндө кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.