Бишкекте гаражда токтоп турган Lexus 570 толугу менен күйүп кетти

Бишкектин 12-кичирайонундагы гаражда токтоп турган Lexus 570 автоунааасы толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өрт 28-декабрь күнү чыгып, бир өрт өчүрүүчү бөлүмү тартылган. Натыйжада тилсиз жоо саат 14:34тө толук өчүрүлдү.

Өрт кырсыктын кесепетинен жыгач устундуу темир менен жабылган гараж жана Lexus 570 үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД