СИЗО менен жатак абак кызматкерлеринин ортосунда сармерден өттү (видео)

Нарын шаарындагы СИЗО-4 мекемесинин таланттары менен Ысык-Көлдүн жээгиндеги Балыкчы шаарындагы №51 жатак абагынын кызматкерлеринин ортосунда өткөн сармерден сармерденди нарындыктар көпкө чейин унутушпайт. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын ичинде КР Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын активисттери тарабынан мекенибиздин ар кайсы аймактарында көптөгөн маанилүү иш-чаралар өткөрүлдү. Анын үстүнө өлкө жетекчилиги тарабынан жарыяланган инсандын руханий-адептик өнүгүүсү жана дене тарбиясы боюнча Концепциясы бүткүл Кыргызстандын жарандары үчүн эң чоң программа болду.

ЖАК тарабынан бул долбоордун ийгиликтүү ишке ашырууларынын бири - сармерден улуттук оюндарын өткөрүү болду. Ошентип, кыз-жигиттердин чыгармачылык таймашы болгон байыркы элдик салттын кайра жанданышы башталды. Бул ырларда, уламыштарда, бийлерде, каада-салттарда жана ырым-жырымдарда берилген чыныгы мурас жана тарых.

Эң эсте каларлык патриоттук оюн-зооктордун бири Нарын шаарындагы СИЗО-4 мекемесинин таланттары менен Ысык-Көлдүн жээгиндеги Балыкчы шаарындагы №51 жатак абагынын атаандаштары тарабынан өткөрүлдү.

Ал эми кантип ийгиликтүү өткөнүн бул кыска видео баяндан көрө аласыз.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД