№1 түзөтүү мекемесинин кызматкери балдарга Шекспирдин тилин үйрөтөт

№1 түзөтүү мекемесинин кызматкери молдовановкалык балдарга Шекспирдин тилин үйрөтөт.

ЖАКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, Молдовановкада жайгашкан №1 түзөтүү мекемесинин кызматкери, и/к майору Мария Насридинова бул айылда жашаган балдар үчүн англис тили курстарын ачуу демилгеси менен чыкты.

Келечекте окуу борборун ачып кеңейтүү ою бар, анда дагы кошумча маалымат технологиялары, сайма, моделдөө, этика ж.б. курстарын ачуу.

Балдар үчүн ар кандай хобби ийримдерин уюштуруп, келечекте жаш муундардын билим жана интеллектуалдык өнүгүүсүнүн бул асыл эстафетасын башка айылдарга да жеткирүү пландалууда.

Тил курсунун катышуучулары ата-энелерине сюрприз жасоону чечип, Молдовановкадагы бала бакчанын базасында жаңы жылга карата чакан концерт даярдашты. Кичинекей артисттер "Золушка" кичи спектаклин көрсөтүшүп, англис тилинде поэзия жана ырларды окушту жана албетте хореографиялык чеберчиликтерин көрсөтүштү. Анан баары Бишкектин эң мыкты кинотеатрына кино көргөнү кетишти.

Белгилей кетсек, майрамдык концерт "Ынтымак-Береке" коомдук фонду тарабынан колдоого алынып, анын жетекчиси Жаза аткаруу кызматынын Ардагерлер кеңешинин жетекчиси Алибай Нишанбаев болду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД