Алыс аралыкка каттаган таксилер бир күндө эки жолу каттамга чыга алышпайт

Алыскы аймактарга каттаган жүргүнчү ташыган такси айдоочуларына бир күндүн ичинде эки жолу каттамга чыгуусуна жол берилбейт. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Техникалык көзөмөлдөө бөлүмү Чүй аймагында жаңы жылга карата рейддик иш-чараларын күчөтүүдө.

Айдоочулар майрамга карата акча табуу максатында бир күн ичинде эки жолу каттамга чыгууга аракет кылышууда.

Бул көрүнүш айдоочу толук уктабай, психологиялык жактан даярданбай, жана унаанын техникалык абалына көңүл бурулбай, шашылуу менен каттамга чыккандыктан, жол кырсыктарына кабылып калуу коркунучу жогору болууда.

Мындай көрүнүштөрдүн алдын алуу максатында, ЖКККББнын кызматкерлери тарабынан Бишкек-Нарын, Бишкек-Ысык-Көл, Бишкек-Балыкчы каттамдарына каттаган жүргүнчү ташыган унаалар жолдон токтотулуп, Мониторинг борборунун кызматкерлери менен биргеликте, коопсуз шаар долбоорунун алкагында орнотулган видео көзөмөлдөр аркылуу такси айдоочусу бир күндүн ичинде канча ирет каттамга чыгып жаткандыгы текшерилүүдө.

Ошондой эле авто унаалардын техникалык абалы, санитардык талаптарга жооп берүүсүн жана өз алдынча жол кире акыларын көтөрүп албоолоруна көзөмөл жүргүзүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД