Баткен облусунун жетекчисине генерал-майор наамы ыйгарылды

Садыр Жапаров президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаевге генерал-майор наамын ыйгарды.

Жапаров Алимбаевге генералдык чинди бүгүн, 29-декабрда ИИМдин Ички аскерлеринин жаңы заманбап казармасын ачуу аземинде тапшырды.

Абдикарим Алимбаев 1973-жылдын 19-апрелинде Ош облусунун Кыргыз-Ата айылында жарык дүйнөгө келген.

Ал 2014-жылдан тарта Чек ара кызматынын жетекчилик кызматында иштеп, 2021-жылдын 6-майынан баштап президенттин Баткен облусундагы өкүлү болууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД