Кызмат учурунда каза болгон ЖАКнын кызматкерлеринин балдарына белек берилди

Кызмат учурунда каза болгон ЖАКнын кызматкерлеринин балдарына Аяз ата менен Аяз кыз белектерди тапшырышты. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарындагы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жаза аткаруу кызматынын борбордук имаратынын фойесинде Жаза аткаруу кызматынын ардагерлер кеңешинин төрагасы Алибай Нишанбаев жана Жаза аткаруу кызматынын тарбия жана социалдык иштер башкармалыгынын кызматкерлери Жаза аткаруу тутумунда кызматтык милдетин аткарып жатып каза болгон кызматкерлеринин балдары үчүн салтка айланган жаңы жылдык балаты өткөрүштү.

Акыркы жети жылдан бери атасынан ажыраган 30 бала ардагерлер кеңешинин камкордугуна алынган. Алардын 18и кайрымдуулук фонддорунун биринен ай сайын стипендия алышат. Ошондой эле алар канцелярдык товарлар, кийим-кече, тамак-аш, таттуулар менен туруктуу камсыз болушат. Баса, ошол күнү дагы бир жакшы окуя болду бирөөсү бойго жетип турмушка чыгып, каттоосунан чыгарылды.

"Баластан" продюсердик тобунун артисттери жана Күренкеев атындагы музыкалык мектептин активисттери концерттик программасын тартуулашты.

Бардык балдарга жаңы жылдык белектер жана түрдүү сыйлыктар берилди.

Ардагерлер да унутта калган жок. ЖАКнын жетекчисинин атынан ведомстволук "Кадыр" медалдары Орозбек Энтериевге жана 60 жаштагы Кубан Кенебаевге тапшырылды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД