Тажикстанга уурдалып кеткен малдар Кыргызстанга кайтарылды

Лейлекте Кыргызстан менен Тажикстандын милиция жетекчилери сүйлөшүп, кыргыз тарап уурдалган малдарын кайтарып алды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматака ылайык, 2022-жылдын 29-декабрь күнү Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Борбордук айылы менен чектешкен Худжант-Канибадам автоунаа жүрүүчү жолдо Лейлек РИИБдин начальниги милициянын подполковниги Б.Кундузов жана Тажик Республикасынын Гафуров РИИБдин начальниги милициянын полковниги И.Вализода менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдүн негизинде кыргыз тараптан уурдалып кеткен малдар кайтарылды.

Эки өлкөнүн милиция кызматкерлери жолугушууда эки элдин ортосунда ар кандай пикир келишпөөчүлүктөрдүн жана улуттар аралык чыр-чатактардын алдын алуу, чек ара тилкелеринде жашаган тургундарга пиротехникалык каражаттарды колдонууга тыюу салынганын эскертип, коомдук коопсуздукту көзөмөлдөөнү колго алды.

Кыргыз тараптын уурдалып кеткен 8 баш бодо малы кайтарылып, өз ээлерине тапшырылды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД