Чүйдө түзөтүү мекемесине баңгизаттарды ташыган канал аныкталды

Чүй облусундагы түзөтүү мекемелерине өзгөчө ири өлчөмдөгү баңги каражаттарын жеткирип жана сатып жүргөн туруктуу канал аныкталып, бөгөт коюлду. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Кылмыш ишинин алкагында уюшкан кылмыштуу топтун 1988-жылы туулган Т.У.А. аттуу активдүү мүчөсү жана сот жообуна тартылган 1994-жылы туулган Д.У.Т. баңги каражаттарынын ташуу каналынын уюштуруучусу экени аныкталып, кылмыш жоопкерчилигине тартылды. Андан тышкары 1995-жылы туулган О.К. жана 1998-жылы туулган Т.Д. кармалды.

Азыркы учурда уюшкан кылмыштуу топтун баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого тиешеси бар башка мүчөлөрүнө карата иш-чаралар жүргүзүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД