Салык кызматы 2022-жылдын эң мыктыларынын бири катары бааланды

Мамлекеттик салык кызматы 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча "Министрлер Кабинетинин 2022-жылга карата иш-аракеттер планындагы" иш-чараларды ишке ашырууга кошкон салымы жана сапаттуу иши үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин "мыкты" деген баасын алды.

Бул тууралуу 28-декабрда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйынтыктоочу жыйынында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров министрликтердин жана ведомстволордун ишинине мониторингдин жана натыйжалуулугуна баа берүүнүн жыйынтыгын чыгарууда билдирди.

Салык кызматынын ишине оң баа берип жатып, ал Эл аралык валюта фонду 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча өз билдирүүсүндө салык органдарынын быйылкы жылдагы кирешенин жыйналышын олуттуу жакшыртууга алып келген өзгөчө аракеттерин белгилегенин баса белгиледи.

"Биз бюджетке салыктык түшүүлөрдүн көлөмүн көбөйттүк. Мамлекеттик салык кызматы өз ишин ийгиликтүү аткарды. Эч кандай жаңы салыктар киргизилген жок. Мындай ийгиликтерге салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун, макроэкономикалык саясатты туура башкаруунун жана тиешелүү акча-кредиттик саясаттын аркасында жетиштик", – деди Акылбек Жапаров.

Иш-чаралар планынын аткарылышын талдоонун жана мониторингдин жыйынтыгында 10 мамлекеттик орган "мыкты", 19 орган – "жакшы" 3 – "канааттандырарлык" деген баа алгандыгы, аэ эми 1 мамлекеттик органга "канааттандырарлык эмес" деген баа берилгендиги белгиленди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД