Энергетиктер жаңы жылдык майрам күндөрү күчөтүлгөн режимде иштешет

"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААК жаңы жылдык майрам күндөрү керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен ишенимдүү камсыздоо үчүн күчөтүлгөн тартипте иштөө режимине өтөт. Бул тууралуу ведомстводон билдирет.

Маалыматка ылайык, бул күндөрү ишкананын борбордук аппаратынын жетекчилиги, бардык филиалдардын жетекчилери, ошондой эле "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКтын жооптуу адистеринин кезмети уюштурулат.

"Өзгөчө кырдаалдарды ыкчам жоюу схемалары иштелип чыгып, оперативдүү оңдоолорго кам көрүлөт. Бардык оңдоо бригадалары зарылдуу запастык бөлүктөр менен камсыздалып, энергетикалык объектилерди коргоо боюнча чаралар күчөтүлөт", - деп айтылат маалыматта.

"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААК электр энергиясына байланыштуу маселе жаралган учурда күнү-түнү иштеген колл-борборунун 1209 кыска номерине чалууну эскертет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД