Салык кызматынын төрагасы кыргызстандыктарды Жаңы жыл менен куттуктады

КР Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов кыргызстандыктарды кирип келе жаткан Жаңы жыл майрамы менен куттуктады.

Урматтуу кыргызстандыктар! Урматтуу кесиптештер!

Мамлекеттик салык кызматынын жана жеке өзүмдүн атымдан Сиздерди кирип келе жаткан жаңы жылыңыздар менен куттуктайм!

Биз өтүп бара жаткан 2022-жылга бир аз кайгыруу жана ошол эле учурда жетишкендик сезими менен көз чаптырып, жаңы 2023-жылды оптимизм менен тосуп алабыз.

Жылды жыйынтыктап жатып, 2022-жыл Салык кызматы үчүн алдыдагы жылда жаңы жетишкендиктерге жана ийгиликтерге үмүт бере турган ишке ашырылган пландардын жана чечилген маселелердин жылы болду деп айта алам.

2022-жыл салык чөйрөсүндөгү окуяларга бай болду, эң негизгиси – алар салыктык башкарууга жана жалпы салык кызматынын ишмердүүлүгүнө оң таасирин тийгизди.

Алсак, жаңы Салык кодекси кабыл алынды, ал ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоого, ата мекендик продукцияны чет өлкөлүк рынокторго чыгаруу үчүн натыйжалуу инструменттерди түзүүгө, ак ниет бизнести коргоого жана экономиканы көмүскөдөн чыгарууга багытталган, ошондой эле жагымдуу инвестициялык климатты, ак ниет атаандаштык үчүн шарттарды түзүүгө мүмкүнчүлүк берди.

Ак ниеттүү бизнес жаңы Салык кодексинин киргизилишин туура кабыл алды, ал эми салык төлөөдөн качкан көмүскөдөгү субъекттерге кыйын болду.

Электрондук рейддик салык контролу, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз, "Салык төлөөчүнүн паспорту", Stat.salyk.kg салыктык башкаруу боюнча ачык маалыматтар порталы сыяктуу "Смарт Салым" санариптештирүү долбоорунун жаңы компоненттери, бир катар товарларды маркалоо боюнча долбоор, навигациялык пломбаларды колдонуу боюнча пилоттук долбоор, КНСти контролдоонун автоматташтырылган системасы, ККМди модернизациялоо (фискалдык модуль), чет өлкөлүк уюмдар жана башкалардын аралыктан салыктык каттоодон өтүүсү үчүн vat.salyk.kg электрондук сервиси ишке киргизилди.

Салыктык башкарууну жакшыртуу, ишкерлерди онлайн тейлөөгө которуу, ошондой эле санариптештирүү долбоорлорунун иштеринен улам Салык кызматы ай сайын салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча пландык көрсөткүчтөрдү ашыгы менен аткарууга жетишти.

Бул жылы контролдук-кассалык машиналарды колдонгон ишкерлердин саны үч эсеге көбөйдү. Өткөн жылы ККМди 20 миңге жетпеген ишкер колдонгон болсо, учурда бул көрсөткүч өлкө боюнча 64 миңден ашты.

МСКнын тарыхында биринчи жолу болуп өткөн дагы эки маанилүү окуя – бул "Чек талап кылып, байге утуп ал!" кызыктыруучу лотереясы ишке киргизилди жана мамлекеттик органдардын, бизнес-коомчулуктун, эл аралык уюмдардын жана ММКнын өкүлдөрүнүн катышуусу менен биринчи улуттук салык форумун өткөрүлдү.

Лотерея боюнча максатыбыз ишке ашырылды. Коомчулук Салык кызматынын автоунаа жана батир сыяктуу ири баалуу байгелерди утуп алууга мүмкүнчүлүк берген акциясын оң кабыл алды. Жарандар товарларды сатып алууда же кызматтарды пайдаланууда кассалык чектерди активдүү талап кыла башташты. Коомчулук тарабынан ККМди колдонуу боюнча контроль күчөдү.

Бул жылы жетишилген бардык оң натыйжалар өлкөнүн жетекчилигинин саясий эркинин, анын колдоосунун жана Салык кызматынын жамаатынын мыкты ишинин аркасында мүмкүн болду.

Бардык салыктарды өз убагында жана толугу менен төлөп жаткан биздин ак ниеттүү салык төлөөчүлөрүбүзгө өзгөчө ыраазычылык билдиргим келет. Өлкөнүн бюджетине түшкөн кирешелердин аркасында мамлекет жарандардын алдындагы өз милдеттенмелерин аткаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

2023-жылы дагы аткарыла турган көптөгөн иштер бар, салык кызматын мындан ары жакшыртууга жана кеңейтүүгө багытталган жаңы ири долбоорлорду ишке киргизүү турат. Ишкерлерге салыктарды төлөө жана отчетторду берүү дагы да оңой болмокчу.

Бардык кыргызстандыктарды бакыт-таалай, ден-соолук жана ийгиликтер коштосун! Жаңы жыл ар бирибиз үчүн позитивдүү жана бакубат жылдардан болсун!

Урматтоо менен,

Алтынбек Абдувапов, КР Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД