Кеминде милиция кызматкерлери эл менен жолугушту

Кеминде милиция кызматкерлери жарандар менен жолугушту. Бул тууралуу Чүй ОИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 29-декабрь күнү Кемин РИИБдин кызматкерлери милициянын көчмө кабылдамасы менен райондун аймагын кыдырып, жарандар менен жолугушту. Жарандарга жаңы жылды майрамдоодо коопсуздук чараларын сактоо боюнча эрежелерди түшүндүрүшүп, ошондой эле жол кыймылынын эрежелери боюнча алдын алуу иш-чараларын өткөрүштү.

Ал эми сатуучуларга пиротехникалык каражаттарды сатууда коопсуздук чараларын сактоо керектигин айтышты.

Андан сырткары, жол сакчылары алыска жүргүнчүлөрдү ташыган айдоочулар менен жолугушуп, жол кыймылынын эрежелерин сактоолорун эскертишти. Андан сырткары коопсуздук үчүн алыс жолго чыкканда убагында эс алып турууларын, бир күндө бир же эки жолу гана каттамга чыгууларын түшүндүрүштү. Анткени бул көрүлүп жаткан чаралар айдоочулар менен кошо жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун сактоого, жол кырсыктарын алдын алууга багытталганын эске салабыз.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД