31-декабрь – салык органдары үчүн жумуш күнү

Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 23-декабрындагы буйругуна ылайык, Мамлекеттик салык кызматы үчүн 31-декабрь жумуш күнү деп белгиленди.

Ушуга байланыштуу салык органдары салык төлөөчүлөрдү 31-декабрда кадимки иш тартибинде тейлешет.

Мындан тышкары, мамлекеттик жана коммерциялык банктарга салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн кабыл алуу үчүн Министрлер Кабинетинин ушул эле буйругу менен 31-декабрды жумуш күнү кылуу сунушталды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД