Айдоочулардын жол кире акысын өз алдынча көтөрүп алууга жол берилбейт

Айдоочулар жол кире акысын өз алдынча көтөрүп алууга жол берилбейт. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, КР ИИМдин ЖКККББнын орун басары жетекчиликтин тапшырмасы менен Автобекеттерге барып, Бишкек-Ысык-Көл, Бишкек-Ош, Бишкек-Нарын, Бишкек-Талас, Бишкек-Баткен жана башка алыскы аймактарга каттаган такси жана маршруттук унаалардын айдоочуларына жаңы жылга карата жол кире акысын өз алдынча көтөрүп албоо боюнча түшүндүрүү жана текшерүү иштери жүргүздү.

Ошондой эле унаа каражаттарынын техникалык абалы текшерилип, каттамга чыгуу учурунда маршруттук унааларды каттаган журналдардын болуусу, бир күн ичинде эки жолу каттамга чыкпоосу керек экендиги каттуу эскертилди. эскертилди. Анткени бул көрүнүш айдоочу толук уктабай, психологиялык жактан даярданбай, жана унаанын техникалык абалына көңүл бурулбай, шашылуу менен каттамга чыккандыктан, жол кырсыктарына кабылып калуу коркунучу жогору болууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД