Кыргызстанда бир катар товарларга КНСтин нөлдүк ставкасы белгиленди

Кыргызстанда бир катар товарларга кошумча нарк салыгынын нөлдүк ставкасы белгиленди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, КР министрлер кабинетинин 2022-жылдын 27-декабряндагы № 717 токтому менен өзгөртүүлөр киргизилип 2023-жылдын 31-декабрына чейин айрым азык түлүк товарларына карата салык салынуучу жеткирүүлөргө жана салык салынуучу импортко нөл (0) пайыз өлчөмүндө кошумча нарк салыгынын (КНС) ставкасы бекитилди. Алар:

Өсүмдүк майы;

Инкубациялык тоок жумурткалар;

Айыл чарба малдардын тоюттары;

Арпа;

Сулуу;

Фарель балыгынын тоюттары;

Ири мүйүздүү малдар каралды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД