Бишкектеги СИЗОго 6 литр коньяк киргизүүгө аракет кылган аял кармалды

Бишкек СИЗО-1ге 6 литр коньякты бөтөлкөдөгү чайдын ордуна куюп киргизүүгө аракет кылышкан. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, КР Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын No21 мекемесинде 1995-жылы туулган жергиликтүү тургун Д.А.Б., Казакстан Республикасынын жараны М.М.В.га тыюу салынган алкоголдук ичимдиктерди берүүгө аракет кылган учурда кармалды.

Ал таанымал болгон чайдын маркасындагы желим бөтөлкөлөргө куюлган алты литр коньяк берүүнү пландаган.

Бул факты боюнча азыр тергөө амалдары жүрүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД