2022-жылдын 30-декабрында Мамлекеттик салык кызматы "Чек талап кылып, байге утуп ал!" кызыктыруучу лотереясынын 3-утушун өткөрдү.
Утуш түз эфирде УТРК жана Ала-Тоо24 телеканалдарда, ошондой эле Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларында көрсөтүлдү.
Түз эфирдин жүрүшүндө 52 байге – Бишкектен 1 бөлмөлүү батир, эки электромобиль, 12 даана iPhone 13, 11 Samsung смартфону, 5 кир жуугуч машина, 5 муздаткыч, 5 телевизор, 5 чаң соргуч, 6 микротолкундуу меш ойнотулду.
Утушка 18 млн 844 миң 542 лотереялык ID-билет менен 176 миң 896 адам катышты.
Жеңүүчүлөр сандарды туш келди тандоо ыкмасы (рандом) менен аныкталды.