2022-жылы алкоголдук продукциялардан 1,7 млрд сом акциз салыгы жыйналды

Мамлекеттик салык кызматы 2022-жылы алкоголдук продукциялардын жүгүртүлүшүнө контролду күчөтүүнүн алкагында өндүрүлгөн алкоголдук продукциялардан 1 млрд 725,5 млн сом акциз салыгынын түшүүсүн камсыз кылды.

Ведомстводон билдиришкендей, бул 2021-жылга салыштырмалуу 80 %га көп.

Анын ичинен "АЮ" ЖЧКсы 514,9 млн сом акциз салыгынын түшүүсүн камсыздады, бул 2021-жылга салыштырмалуу 53 %га көп.

Бул көрсөткүчтөр Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин жана алкоголдук продукциялардын жүгүртүлүшүн контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин жобосунда каралган функциялары ишке ашыруу процессинде тургандыгына карабастан, Салык кызматынын аракеттери менен жетишилди.

Эскерте кетсек, 2023-жылдын 1-январынан тартып ТЭИ ТН 2203 коду менен классификациялануучу, акциздик марка менен маркаланбаган сыра продукциясын өндүрүүгө жана импорттоого тыюу салынат, ал эми 2023-жылдын 1-июлунан тартып Кыргыз Республикасынын аймагында маркаланбаган сыра продукциясын жүгүртүүгө тыюу салынат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД