Бишкекте жаңы жыл түнү коомдук транспорт 01:00гө чейин иштейт

Бишкекте жаңы жыл түнү шаардыктардын жана борбор калаанын конокторунун ыңгайлуулугу үчүн бардык коомдук транспорттор түнкү саат 01:00гө чейин иштейт.

Муниципалитеттен белгилешкендей, 1-январда муниципалдык коомдук транспорт - автобустар жана троллейбустар атайын график боюнча саат 08:00дөн 20:00гө чейин, ал эми кичи автобустар адаттагыдай эле каттайт.

2-январдан тарта шаардагы бардык коомдук транспорт кадимки режимде иштей баштайт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД