Бүгүн саат 18.00дө "Ала-Тоо" аянты автоунаалар үчүн жабылат

Бүгүн, 31-декабрь саат 18.00дө Чүй проспектисинин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү жабылат. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Урматтуу шаардын тургундары жана коноктору! Бүгүн, 31-декабрда кечки саат 18:00дөн баштап саат 01:00гө чейинки убакытка борбордук Ала-Тоо аянтында жаңы жылдык иш-чаранын өтүшүнө байланыштуу Чүй проспектиси, Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгүнө унаа каражаттарынын кыймылына убактылуу жабылат.

Милициянын кайгуул кызматы, келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана тыгындарды болтурбоо үчүн айдоочуларды алдын ала альтернативдүү каттамдарды тандоого чакырат.

Ошондой эле, авариялык-кооптуу жагдайларды козгобош үчүн жана шаардык транспортко жана башка айдоочуларга жол бериш үчүн айдоочулардан рулда этият болууну жана эреже бузууларсыз унаа токтотууну суранабыз", - деп айтылат Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы тараткан маалыматта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД