Баткен шаарында жаңы мектеп пайдаланууга берилди

Баткен шаарындагы Кызыл-Дөң аймактык башкармалыгында жаңыдан курулган № 4 жалпы билим берүү мекемесинин ачылышы болду. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мектептин ачылышына президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев катышты.

Облус башчысы алгач мектептин жамаатын жана окуучуларды жаңы мектептин ачылышы менен куттуктап, жаш муундарга тарбия, билим берген куттуу жайга айлануусун каалады.

Ачылуу аземдин жүрүшүндө Абдикарим Алимбаев пайдаланууга берилген билим уясынын имараты менен да таанышып чыкты. Имарат жалпысынан 375 орунга ылайыкташып, мектептин курулушуна Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан 84 млн. сом каражат грант эсебинде бөлүнгөн.

Жаны мектеп заманбап эмеректер менен толук шартта курулуп пайдаланууга берилүүдө.

Белгилей кетсек, шаарда жалпы 6 миңден ашуун окуучу бар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД