"Чек талап кылып, байге утуп ал!". Лотерея 2023-жылы да уланмакчы

Мамлекеттик салык кызматы "Чек талап кылып, байге утуп ал!" кызыктыруучу лотереясын 2023-жылы улантат. Бул тууралуу 30-декабрда лотереянын үчүнчү турунун жүрүшүндө белгилүү болду.

Лотереяны улантуу чечими анын оң натыйжага бергендигине байланыштуу кабыл алынды. Жарандар кассалык чектерди активдүү талап кылып, ал эми ишкерлер контролдук-кассалык машиналарды көбүрөөк колдоно башташты. Алсак, жыл ичинде ККМди колдонгон ишкерлердин саны 3 эсеге көбөйүп, 64 миңди түздү.

Салык кызматы кыргызстандыктарды товар сатып алууда же кызматтарды пайдаланууда кассалык чектерди активдүү талап кылууга чакырат. Быйыл байгеге ээ болбогондор 2023-жылы жаңы лотереянын жеңүүчүсү болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД