ИИМ: Жаңы жыл түнү өлкө аймагында тынч өттү

Жаңы жыл түнү республика аймагында тынч өттү, деп билдирет ИИМдин маалымат кызматы.

ИИМдин ички иштер органдарынын жана ички аскерлердин бөлүктөрүнүн кызматкерлери тарабынан коомдук тартип толук көлөмдө камсыздалып, олуттуу мыйзам бузуулар катталган жок.

Республика боюнча абал тынч. Азыркы учурда өлкөдөгү абал туруктуу, милиция кызматкерлери тартипти сактоо, кылмыштарды алдын алуу жана бетин ачуу боюнча күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөсү улантууда.

ИИМ жарандарды жоопкерчиликке жана мыйзамдуулукту сактоого чакырат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД