Аймактарга каттаган автобекеттерде абал тынч. Каттам өз нугунда жүрүүдө

Аймактарга каттаган автобекеттерде абал тынч. Каттам өз нугунда жүрүүдө. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, КР ИИМдин ЖКККББнын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү таң эрте автобекеттерде Бишкек-Нарын, Бишкек-Талас, Бишкек-Ош, Бишкек–Ысык-Көл жана башка аймактарга каттаган маршруттук жана жеке таксилерди текшерүү жана көзөмөлдөө иштерин жүргүзүштү.

Азыркы учурда эч кандай жол кире акысын өз алдынча көтөрүп алуу фактылары жок жана Бишкек-Каракол багытына кошумча каттамга чыгаруу үчүн төрт автобус каттамга киргизилди.

Ошондой эле техниклык көзөмөлдөө бөлүмү тарабынан айдоочуларга "Жаңы жылды жол кырсыксыз баштоо" багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, унаалардын техникалык абалы, каттамга чыгуу учурунда наргология бөлүмүнөн жана техникалык кароодон өткөрүлүп чыгуусу текшерилүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД