Жаңы жылдык майрам күнү борбор калаада 7 мас айдоочу кармалды

Бишкек шаарынын аймагында Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат алып барышып, коомдук коопсуздукту жана жол коопсуздугун камсыз кылышты. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жаңы жылдык майрам күнү Бишкек шаарынын аймагында сутка ичинде 102 чакыруу кызматы боюнча 209 чакырууларды камсыз кылышты, ал эми жол коопсуздугу боюнча айдоочулар арасында жол эрежесин одоно бузган 157 айдоочуну аныкташты, анын ичинен 7 айдоочуну мас абалында унаа башкаргандыгын, 16 айдоочу тийиштүү документтери жок унаа башкаргандыгын аныкташып 35 унаа каражатын айып аянтчысына токтотушту.

Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын тургундарынын жана конокторунун коопсуздугун камсыз кылышып 8-январь күнүнө чейин жолдогу көзөмөлдү күчөтүп "Бахус" аталышында рейддик иш-чаралар өткөрүшөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД