Кыргызстанда фонограмма менен ырдоого тыюу салынды

Кыргызстанда 1-январдан тарта фонограмма менен ырдоого тыюу салынды. Тиешелүү буйрукка маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов өткөн жылдын 30-декабрында кол койду.

"Министрликке караштуу бардык мамлекеттик маданият жана билим берүү мекемелеринде (театр, оюн-зоок мекемелери, спорттук мекемелер, филармониялар, концерттик залдар, кинозалдар, клуб, музей, китепканалар) концерттик программаларда, маданий иш-чараларда, өздүк же ижаралык көрүнүштөргө карабастан, вокалдык аткаруучулук өнөр 2023-жылдын 1-январынан тартып жандуу үн менен аткарылсын", - деп жазылган буйрукта.

Министрликтен маалымдагандай, фонограмма менен ырдалган учурлар катталса жоопкерчилик ошол мекеменин жетекчилигине жүктөлөт. Буйруктун аткарылышын министр өзү көзөмөлдөй тургандыгы белгиленген.

Айта кетсек, 2012-жылы Жогорку Кеңеш фонограммага тыюу салган мыйзам кабыл алып, ага ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев кол койгон. Анын негизинде ошол кездеги маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев атайын буйрук чыгарган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД