Бишкекте эки унаа сүзүшүп, 9 адам жаракат алды

Бишкекте эки унаа сүзүшүп, анын кесепетинен 9 адам жабыркады.

Милициянын кайгуул кызматынын Басма сөз кызматынан билдиришкендей, Бишкек шаарынын Рухий-Мурас жаңы конушунун тургуну 1994-ж.т. О.Н. өзүнүн "Субару-Форестер" үлгүсүндөгү унаасы менен 1-январь түнкү саат 23:00 чамасында, Манас проспектисинде түндүк багытында келе жатып Москва көчөсүнүн кесилишинен солго бурулуп жатып түндүк багытта келе жаткан айдоочусу А.Б., 2003-ж.т. Ак-Бата жаңы конушунун тургуну башкарып келе жаткан "Хонда Фит" үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн, .

Натыйжада тогуз адам жабыркаган, алар: "Субару-Форостер" унаасынын жүргүнчүсү 22 жаштагы С.К. (аял), 11 жаштагы А.Д. (өспүрүм), 22 жаштагы А.С, "Хонда Фит" унаасынын айдоочусу О.Н., жана жүргүнчүлөрү 22 жаштагы А кызы А., 22 жаштагы М уулу Э, 1 жаштагы наристе М.А. жана М.А., 3 жаштагы өспүрүм М.С., жол кырсыгынын кесепетинен жабыркашкан.

Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматы жол кыймылынын бардык катышуучуларына кайрылат: Эсиңизде болсун, жолдогу жүрүм-турумуңузга өзүңүздүн гана эмес, айланаңыздагы адамдардын да коопсуздугу көз каранды!


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД