Өлкө аймагында 12 күн ичинде 647 мас айдоочу аныкталды

Өлкө аймагында 12 күн ичинде 647 мас айдоочу аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, КР ИИМдин ЖКККББгы тарабынан жаңы жылга карата "Бахус" аталышындагы рейддик иш-чара өткөрүлүп, 2022-жылдын 20-декабрынан тартып, 2023-жылдын 1-январына чейин өлкө аймагында 647 мас абалында авто унаа каражатын башкарган айдоочулар аныкталды.

Андан сырткары авто унаа каржатын тийиштүү документтери жок башкарган 474 айдоочу, авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан 74 айдоочу жана автоээнбаштык жасаган 6 айдоочу аныкталып, баарына мыйзамга ылайык тийиштүү чаралар көрүлдү.

КР ИИМдин ЖКККББнын өздүк курамы күчөтүлгөн тартип кызмат өтөөнү улантып, 8-январга чейин "За рулем" аталышында рейддик иш-чараны өткөрөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД