Башаламан соода-сатык жүргүзгөндөргө карата рейд жүрүүдө

Башаламан соода-сатык жүргүзгөндөргө карата рейд жүрүүдө. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, КР ИИМдин ЖКККББнын жол көзөмөлдөө бөлүмчөсү Чүй облусунун аймагында жол жээктерде өз алдынча күйүүчү майларды жана көмүрлөдү баш аламан мыйзамсыз сатып жаткан жарандарга карата профилактикалык иш-чараларды жүргүзүүдө.

Мындай баш аламан күйүүчү май саткандардын көпчүлүгү шаарга кире бериш жерлерде, Профсоюз жана Гагарин көчөлөрүнүн күн батыш тарабында аныкталган.

Мындан сырткары жол көзөмөлдөө бөлүмү сатуучу жарандарга мындай көрүнүш мыйзамсыз экендигин, эч кандай коопсуздук эрежелери сакталбагандыгы жана күйүүчү май күйүп жарылып кетүү коркунучу бар экендигин жана бул көрүнүш Кыргыз Республикасынын жолдор боюнча мыйзамына туура келбестигин эскертишти.

Мындай рейддик иш-чаралар ЖКККББнын 10-январга чейин уланат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД