Бишкек-Ош жана Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолдору ачык

"Сосновка" жана "Арал" көзөмөл өткөрмө жайларында азыркы учурда жолдор ачык. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кар калың жаап, жол кыймылына бир топ ыңгайсыздыктарды пайда кылганы менен, КР ИИМдин ЖКККББнын жана тийиштүү кызматтардын ыкчам аракеттеринин натыйжасында жолдорго туз, кум өңдүү инерттик каражаттарды себүү менен жолдор тазаланып, Бишкек-Ош жана Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолдору ачык.

Азыркы учурда баардык көзөмөл өткөрмө пункттарында авто унаа каражаттарынын баардык түрлөрү жол кыймылын улантууда.

ЖКККББ айдоочуларга төмөнкү эрежелерди так сактоого чакырат:

-Жолдордун тайгактыгын же кечкисин жол тыгыны пайда болушун эске алып, бара турган жериңизди пландоо менен жолго 20-30 мүнөт эртерээк чыгыңыз;

-Унааңызды жүргүзүү учурунда, кышкы дөңгөлөгүнө, кыймылдаткыч майына, терезе арчыгычтардын иштөөсүнө жана жалпы техникалык абалына көңүл буруңуз;

-Жолдо жүрүү учурунда ылдамдыкты көрсөтүлгөн белгиден ашырбаңыз;

-Алдыдагы унаа менен болгон аралыкты сактаңыз;

- Озуп өтүүдө же маневр жасоо учурларында карама-каршы багыттагы келе жаткан унаага көңүл буруу менен шашылбай чыгыңыз;

-Алыскы жолго чыга турган болсоңуз сөсүз түрдө дөңгөлөкө оролуучу чынжырларды же кошумча дөңгөлөктөрдү алып алууну унутпаңыз.

Жол кыймылынын коопсздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жолдордогу мындай катаал кырдаал 3-4 күнгө чейин уланаарын эскертип, жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД