Бишкек – Ош жолунда жүк ташуучу унааларга коюлган чектөө алынды

Бишкек – Ош жолунда жүк ташуучу унааларга коюлган чектөө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек – Ош унаа жолунун 80-чакырымында жайгашкан Сосновка постунда 3-январда саат 18:30дан тартып жүк ташуучу унааларга, 4-январда саат 11:20дан тартып мунай зат ташуучу унааларга коюлган чектөө алынды.

Азыркы учурда унаалардын бардык түрүнө жол ачык.

"Суусамыр өрөөнүндө жана Төө-Ашууда күн бүркөк, кар, жаан жок. Унаалар эки тараптуу өтүүдө. Жолго кум, шагыл себүү иштери жүргүзүлүүдө. Бишкек-Ош унаа жолунун 129-чакырымында 127-УРАЛ унаасы нөөмөттө турат", - деп айтылат билдирүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД