Бишкек менен Жалал-Абадда 2 адам түтүнгө ууланып, каза болду

4-январга караган түнү Бишкектин Свердлов районунун Ак-Бата конушунда жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө райондук куткаруу бөлүмүнөн бир күжүрмөн эсеп тартылып, өрт саат 23: 38де чектөөгө алынып, саат 23:58де толук өчүрүлгөн.

Тилсиз жоонун кесепетинен турак үйдүн аянты 30 чарчы метр болгон жыгач устундуу шифер менен жабылган устундары, рейкасы, диван жана төшөнчүлөрү күйгөн.

Өрттүн кесепетинен 1975-жылы туулган К.Б аттуу эркек киши түтүнгө ууланып, каза тапкан. Өрттүн себеби такталууда.

Ушул эле түнү Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Ырыс а/а, Күмүш-Азиз айылында жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Тилсиз жоо таңкы саат 07:00 чамасында толук өчүрүлгөн.

Кырсыктын кесепетинен жыгач устундуу шифер менен жабылган турак үйдүн 54 чарчы метр шыбы күйгөн. 1971-жылы туулган Ч.З аттуу эркек киши иске ууланып, каза болгон. Учурда өрттүн себеби такталууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД