Жаш балдарды чанага отургузуп сүйрөп алган маршруттук унаанын айдоочусуна 7500 сом айып салынды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, балдарды чанага отургузуп сүйрөп алган маршруттук унаанын айдоочусуна карата авто ээнбаштык кылгандыгы үчүн, техникалык көзөмөлдөө бөлүмү тарабынан 7500 сом айып салынып, унаасы убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизилди.
Эске салсак, буга чейин соцтармактарга "Мерседес-Бенц 207" (мамлекеттик номери: S3564AK) кичи автобусунун айдоочусу жаш балдарды чанага отургузуп сүйрөп алган видео тараган болчу. Видео Бишкек шаарынын Октябрь көчөсүндө тартылган.